Жарандык коом өкүлдөрү «тегерек үстөл» жыйынын өткөрүштү

БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Кыргызстандагы өнөктөштүктүн жана туруктуулуктун 10 принциби» аттуу «тегерек үстөл» жыйыны өтүп, ага Демократияны өнүктүрүү фондунун жетекчилери Өмүрбек Текебаев жана Төлөкан Исмаилова, «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев, Кыргызстан укук коргоо кыймылынын лидери Турсунбек Акун, «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев, Адам укуктары жана мыйзамдуулук боюнча бюронун директору Наталья Аблова жана башка жарандык коомдун лидерлери катышты. «Тегерек үстөлдүн» катышуучулары жыйынтыктоочу документтин долбоорун талкууга алышты жана кошумча-алымчадан кийин аны келерки аптада кабыл алмак болушту. Жыйынтыктоочу документте жарандык коомдун өкүлдөрү президент А. Акаев башында турган бийликке 10 пункттан турган талап коюшту. Талаптын 1 пункту боюнча А. Акаев «2005-жылдагы президенттик шайлоодо ат салышпайм» деп, бийлик 12-июлда өткөрө турган «Өнөктөштүк форуму» аттуу «тегерек үстөлдө» ачык айтууга тийиш. Андан тышкары, президент А. Акаев калган иш мөөнөтү ичинде бийликтин демократиялык жол менен алмашуусуна, эркин басма сөздүн, саясий партиялардын жана жарандык коомдун өнүгүшүнө шарт түзүшү керек. «Камакта жаткан Феликс Куловду чыгарып, өлкөдөгү саясий куугунтукту токтотуу зарыл» деп белгилешти жыйындын катышуучулары.