Кыргызстандагы айрым бейөкмөт уюмдар ЕККУга нааразылык билдиришти

БИШКЕК. Бүгүн ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин алдына «Жарандык коом коррупцияга каршы», «Интербилим» бейөкмөт уюмдарынын, Адам укуктары боюнча кыргыз-америка бюросунун, «Абийир туткундары» гильдиясынын, «Арнамыс» партиясынын башчылары нааразылык акциясына чыгышты. Өз акциясын алар Кыргызстандын ички иштер органдарын колдоо боюнча ЕККУнун программасынын алкагындагы «Чыр-чатактарды жана бейтартиптикти болтурбаш үчүн ички иштер системасын чыңдоо» долбоору менен байланыштырышты. Алардын пикиринде, долбоор боюнча парламент менен жарандык коомго маалымат берилген эмес. «ЕККУ адам укугун чектеген долбоорго колдоо көрсөтүп жатат» деп эсептеген жарандар: «Бул уят! Кеткиле! Биз милицияны курал менен жабдуу багытындагы жардамыңарды каалабайбыз», деген өңдүү талаптарын билдиришти. Алар колдоруна Кыргызстанга берилиши болжолдонгон, резина ок менен ата турган куралдардын сүрөтүн кармап турушту. Акция ЕККУнун Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн башчысы Яап де Хооп Схеффердин айрым саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуусу белгиленген мөөнөттө өттү. Нааразылык билдиргендерге Хооп Схеффер чыгып, жолугушуп, маселени кеңсенин ичинде талкуулоону сунуш кылды. Бирок, акцияга чыккандар маселени башка тараптардын катышуусуз, төрага менен жекече талкуулоону талап кылып, сунуштан баш тартышты.
Бир күн мурда ЕККУнун ушул программасы боюнча кеңешчиси Ричард Монк Бишкекте журналисттер менен жолугушканда долбоордун башкы максаты милицияны курал менен камсыздоо эмес экенин белгилеген.