Сохтогу чекара окуясы

БАТКЕН, БИШКЕК. Бүгүн «Азаттыктын» Баткендеги кабарчысы билдиргендей, Баткен облусунун жашоочусу Абдинаби Ажыбаевди Өзбекстандын Сох анклавындагы өзбек чек арачылары 15-июлда «паспортуң жок» деген шылтоо менен кармашып, бир суткада араң бошотушту. Облус губернаторунун орун басары Абдувахиб Мусаевдин бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, А. Ажыбаев шейшемби күнү Баткен шаарынан өзү жашаган Кадамжай районуна баратканда Өзбекстандын Сох анклавындагы өзбек чек арачылары «паспортуң жок» деген шылтоо менен өткөрбөй, эки сааттай кармашкан. Андан соң аны Сох райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишкен жана ал жерде 3 сааттай кармашып, андан ары Фергана шаарына алып барып камап коюшкан. Кечээ А. Ажыбаевди Фергана шаарында камакта жаткан жеринен дос-туугандары эптеп чыгарып келишкен. Азыр Баткен облусунун жетекчилиги бул окуя боюнча Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчисине кат даярдоодо. Ал катта өзбек чек арачылары кыргыз атуулдарын жөнсүз текшерип, тинтип, атүгүл болбогон шылтоолор менен камап коюуга дейре барып жатканы эскертилип, мындай мыйзамсыз жоруктарды тыюу талабы коюлганы жатат. Эгер өзбек тарап мындан жыйынтык чыгарбаса, анда Баткен облусунун бийлиги да кошуналардын өздөрүнө жараша чара көрмөкчү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чек арадагы мындай окуяларга чек коюу максатында «Кыргыз-өзбек чек арасындагы ишеним чаралары жөнүндөгү» меморандумдун долбоорун иштеп чыгып, аны өткөн жылдын декабрь айында эле Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине берген болчу. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, коңшулар ал документке оң же терс жооп берише элек.