Аскерий машыгуу өтөт

БИШКЕК. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аскер тармактарынын «Өз ара аракеттенүү - 2003» аттуу бир апталык антитеррордук аскерий машыгуусу 6-августта башталат. Кыргызстандын коргоо министрлигинин маалымат кызматынын 28-июлда тараткан кабарына караганда, машыгуулар Казакстандын жана Кытай эл Республикасынын аймагында өтүп, ага Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын аскерий тармак өкүлдөрү катышат. Машыгууда мүчө мамлекеттердин коопсуздугун камсыздоо максатындагы антитеррордук, антисепаратисттик биргелешкен операциялар иштелип чыгат. Ага атайын кызматтар, аба-аскердик, артиллериялык күчтөр, мотоаткычтар катышаары күтүлүүдө. Машыгуу Казакстандын Семей облусунда башталып, анда биргелешкен аскерий топ эларалык террорчулардын топторун жок кылуунун жолдорун иштеп чыгышат. Экинчи этабы Кытайдын Щинжаң-Уйгур Автономиялуу районунун Или аймагында өтүп, анда кытай, кыргыз аскерлери эл аралык террористтердин лагерине чабуул жасап, барымтадагыларды бошотуу багытында машыгышат. Машыгууга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери чакырылды. Кыргызстандан оперативдүү топтон 12 жоокер жана жана десанттык-чалгындоо тобунун кызматкерлери катышаары болжолдонууда.