Жаңылыктар Словакияда автобус кырсыкка учурады 3-Август, 2003 Ал эми Словакиянын чыгышында бүгүн автобустун кырсыкка учурашынын айынан жети киши каза болуп, 24 киши жаракат алды. Полициянын маалыматы боюнча, автобустун тормоздук системасынын бузуктугу кырсыктын себепкери болгон.