Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин аскерлери террорчулукка каршы машыгуу башташты

Бүгүн Казакстанда Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин аскерлеринин террорчулукка каршы күрөшүүгө багытталган машыгуулары башталды. “Интеракция-2003” деп аталган машыгууга Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын жана Кытайдын аскерлери катышып жатышат. Ага даярдыгы жоктуктан Өзбекстан кошулбай, Тажикстандын өкүлдөрү байкоо алып жатышат. Машыгуунун экинчи баскычы Кытайда болот.