Бишкекке Мажарстандын ардактуу консулу келди

БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Мажарстандын ардактуу консулу, доктор Эндре Эрдеш келди. Бул тууралуу маалымат Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөрү боюнча башкармалыгынан алынды. Консулдун башкы максаты - эки өлкө ортосундагы туристтик жана экономикалык кызматташтыктын алкагын кеңейтүүнүн жолдорун талкуулоо. Ал иш сапарынын учурунда Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев, ишкер чөйрөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат.