Иракта ок атуулар уланууда

Иракта АКШнын бир аскери бейшембиде алган жарааттан улам көз жумду. Ал кечке жуук Багдаддын Мансур көчөсүндө бараткан жеринен капилет аткылоого туш болгон. Ал эми Тикриттеги базарда америкалык аскерлер эки ирактыкты атып өлтүрүп, экөөнү жарадар кылышты. Маалымат боюнча, өлтүрүлгөн ирактыктар машинадан курал түшүрүп жатышкан кезде аткыланган. АКШ армиясынын полковниги Стив Расселдин айтымында, америкалык аскерлер куралды белгиленген тартипке ылайык колдонушкан. Бирок Тикриттеги оорукананын башчысы Салах ал-Дулайминин маалыматы боюнча, америкалык аскерлердин базардагы аткылоосунан 5 киши жана бир бала набыт кетишкен. Бейшембиде Багдаддагы Иордания элчилигинин алдындагы жардыруудан каза болгондордун саны 17 кишиге жеткени кабарланууда. Ирак жана АКШнын расмий өкүлдөрү Иордан элчигинин алдындагы жардырууну Багдаддын тегерегинде жайгашкан «Ансар ал-Исламия» уюму жасады деп шектенүүдө.