КӨКБӨРҮ ЖААМЫ ДҮЙНӨГӨ ЖАЙЫЛУУДА

13-августта Кыргызстандын «Көкбөрү» федерациясынын түзүлгөнүнө 5 жыл толду. Беш жыл ичинде кыргыздын улуттук сыймыгы көкбөрү оюнунун арышы арбып, дүйнөгө таралды. Эр оюндун жаңы эрежеси иштелип чыгып, ал Борбор Азия өлкөлөрүндө колдонулууда.
Кыргызстан эгемендикке жеткени кылым карыткан көкбөрү – улак тартыш улуттук оюну кайрадан жаралды. Улак чабууга баштагыдай аттуунун баары кирип, аламан байге сайылбай, атайын экиден команда болуп, улак тай казанга ташталат.

Кыргызстанда профессионалдык «Көкбөрү» федерациясы түзүлгөнү иш илгериледи. Өткөн жылы көкбөрү биринчи жолу эларалык деңгээлге жетип, Президент кубогуна арналган турнирге Ооганстан, Кытай, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын курама командалары катышты.

Ушул күндө өлкөдөгү спорт оюндары кыйын мезгилди баштан кечирип, стадиондор каңгырап ээн калып, айрым спорт жайлар сатылып, кампага айланган. Антсе да, көкбөрү болоор күнү Бишкектеги «Аккула» атмайданына эл батпай, бир кумардан чыгып, эрендерди сүрөөнгө алып турушат.

Кыргыздын жаңы эрежедеги көкбөрү оюнуна кызыгып, казак, өзбек, тажик туугандар да өздөрүнчө федерация уюштуруп, оюнду жайылта башташты. 2001-жылы Бишкекте «Көкбөрү» эларалык федерациясы түзүлгөн. Тажиктер улак тартышты - «бозкашы», өзбектер «купкари-улок», казак туыскандар «көкпар» дешпей, кыргыздын «көкбөрү» деген сөзүн эларалык термин катары кабыл алышты. Эларалык «Көкбөрү» федерациясынын штаб-квартирасы Бишкекте жайгашты. Федерациянын башкатчысы - Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Шерниязов.

2000-жылы Улуу Британиянын падышалык Король коомуна караштуу «ICON FILMS» киностудиясы бир жума жүрүп көкбөрүнүн Президент кубогун тасмага тартып дүйнөгө тараткан. 2001-жылы Токионун таанымал «Фужи» телекомпаниясы алыстан ат арытып келип көкбөрү жөнүндө толук метраждуу фильм тартып, Жапонияда, Азия өлкөлөрүндө көргөздү. Италиялыктар Римде жана Миланда «Кыргыздардын көкбөрүсү» деген атайын фотокөргөзмөлөрдү уюштурду. Жыл сайын Германия, АКШ, Канада, Англия, Голландия, Жапония ж.б. мамлекеттерден күйөрмандар Кыргызстанга көкбөрү оюнун, мелдештерди көрүүгө келишет. Бизде качан, кандай турнир болоорунан кабар алып турушат.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, «Көкбөрү» федерациясынын президенти Болот Шерниязов мындай дейт:

- Быйылкы Президент кубогуна арналган эларалык турнирге 8 өлкөдөн курама командалар келүүгө убадаларын беришүүдө. Борбор Азия мамлекеттеринен – (Казакстан, Өзбекстан,Тажикстан), ошондой эле Кытай Эл республикасы, Ооганстан, Орусия жана Венгриядан командалар келиши күтүлүүдө.
Президент кубогунун жалпы байге фонду азырынча 2 млн. 200 миң сом. Мелдеш 25-августта башталат, ага чейин дагы демөөрчүлөр табылып да калышы мүмкүн.


Көкбөрүчүлөр үчүн дагы кийинки кездери олуттуу дегидей проблема пайда болууда. Илгертен эле эр жигитти мыкты кылган алдындагы аты болуп келген. Кыргыздын көкбөрүсүнө жарачу мыкты аттарды казак, өзбек, тажиктер менен оогандыктар баасына карабай сатып алып кетишүүдө. Ошентип жакшы ат проблемасы курч маселеге айланып баратат. Жагдайдан чыгуу үчүн Кыргызстандын «Көкбөрү» федерациясы курама командага кабыл алынган 10 оюнчунун аттарынын ар бирине 20 миң сомдон аренда акы төлөй турган болушту. Андан башка Ооганстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Венгриянын командаларына аттарды арендага берсе, ар бирине 10 миң сомдон төлөм белгиленди.

Кыргызстанда азырынча Президент кубогун же эларалык мелдештерге демөөрчү болоор намыскөй ишкер жигит чыга элек. Кыргыздарга караганда чет өлкөлүктөр көкбөрүнү колдоого алууга көбүрөөк ниет кылышууда. Түштүк Кореядагы «Форстер» фирмасынын жетекчиси Мин Фон Сон мырза жардам берүү ниетин билдирүүдө. Анын жардамы жалпы чыгымдын бештен бир бөлүгүн түзмөкчү.

Президент кубогун эларалык деңгээлде чыгарып, чакырган меймандарга шарт түзүп берүү үчүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, «Көкбөрү» федерациясынын президенти Болот Шерниязов Бишкектеги 4 бөлмөлүү үйүн жана жеке менчик автомашинасын сатып, дагы бир ирет жигиттик көктүгүн көрсөтүп, тобокелге башын байлады.

Президент кубогунун финалдык оюндары 31-августта эгемендүүлүк күнү Бишкектеги «Аккула» ат майданында болмокчу. «Көкбөрү» федерациясы өздөрү кыйналып турса да, патриоттук сезим менен эларалык айтыш конкурсуна да башкы демөөрчү болуп чыкты.