Непалда жер көчкүнүн алдында калып 15 аскер курман болду.
Катуу жааган жаандан Непалда түндө көчкү жүрүп, анын алдында 15 өкмөттүк аскер калды жана дагы беш солдаттын дайыны чыга элек. Көчкү - борбор калаа Катманду шаарынан 80 чакырым алыстыктагы аскерий базанын алдында болгон.