Сахалиндин губернатору түшкөн тик учма дайынсыз жок.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлигинин айтымында, бүгүн Алыскы чыгышта "Ми-8" үлгүсүндөгү бир тик учма жоголду. Үч учкучтан тышкары анын ичине 14 жүргүнчү түшкөн жана алардын арасында Сахалиндин губернатору Игорь Фархутдинов бар болчу. Тик учма Петропавловск-Камчатский шаарынан Северо-Курильск шаарына учуп чыккан.