Тажикстан Америка Кошмо Штаттарынан гуманитардык жардам алды.

Америка Кошмо Штаттарынан бүгүн Тажикстанга 16 миллион доллар өлчөмүндөгү жардам жеткирилди. АКШнын Тажикстандагы элчиси Франклин Хаддлдын айтымында, өлкөгө негизинен дары-дармек келди жана ишке ашырылып жаткан долбоор боюнча Тажикстанга бардыгы болуп 27 миллион доллардык жардам көрсөтүлөт. Тажик премьер-министри Акил Акиловдун айтымында, 1992-жылдан бери АКШ Тажикстанга 500 милион доллар жардам берди.