Тони Блэрдин басма сөз боюнча башкы кеңешчиси Алистер Кэмпбелл бул тууралуу жума күнү билдирди. Британ премьерине жакын адамдардын бири эсептелген Кэмпбеллдин кызматынан кетишине Тони Блэрдин командасы менен "Би-би-си" корпорациясынын ортосундагы Ирактагы согуштун алдында жарыяланган расмий докладдын тегерегиндеги жаңжал себеп болду. Жакында бул иш боюнча сот алдында көрсөтмө берген Алистер Кэмпбелл британ өкмөтүнүн Саддамдын курал-жарагы жөнүндөгү докладындагы айрым күмөндүү маалыматтар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алуудан баш тарткан, бирок Лондондогу маалымдоо каражаттары анын бул сөздөрүн ишенбөөчүлүк менен кабыл алышкан.