Баренц деңизинде суу алдында жүрүүчү атомдук кеменин чөгүп кетишине байланыштуу кылмыш иши козголду

МОСКВА. Баренц деңизинде суу алдында сүзүүчү атомдук кеменин чөгүп кетишине байланыштуу кылмыш иши козголду. Орусиянын аскердик прокуратурасы түндүк флоттун жооптуу кызматкерлери кемени куткаруу ишинде кечирилгис кенебестик кылышкан деп эсептейт. Кемедеги он моряктан болгону бирөө эле куткарылган. Калгандарынын курман болгондугу болжолдонот. Эскилиги жеткендиктен мындан 14 жыл илгери флоттон чыгарылып ташталган кеме "Полярный" портуна утилдештирүүгө бараткан. Орусиянын аскердик мекемеси атомдук кеме чөгүп кеткен жерде радиациянын деңгээли норманын чегинде экенин билдирет.