9 күндөн бери Забул провинциясындагы тоолуу аймактарда АКШнын согуштук учактары абадан, ооган өкмөтүнүн аскерлери жерден талиб согушкерлерине каршы операциялар жүргүзүшкөн. Ооган командири Хажи Сайфулла Хан салгылаштарда кеминде 37 талиб козголоңчусу набыт болгонун, дагы бир нече куралчан адам тирүүлөй курчоого алынганын маалымдады.