БИШКЕК. Эртең Ташкенде Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт. Анда уюмдун келерки жылга карата бюджетин даярдоо, анын айрым нормативдик-укуктук документтерин иштеп чыгуу, уюмдун алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланат. Учурда ШКУнун алкагында көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты жүргүзүү боюнча программа иштелүүдө.