Кашмир штатында Сринагар шаарында базарда бомба жарылды

Айрым маалыматтар боюнча, бери эле дегенде алты киши набыт кетти, ондон ашуун киши жарадар болду. Полициянын маалыматтарына ылайык, колдо жасалган бомба базардагы таксилердин бирине коюлган. Өткөн бир аптада эле Кашмирде 70ке чукул киши бейажал өлүм тапты. Бүгүнкү окуянын жоопкерчилигин эч ким өзүнө ала элек.