Россия Балкандагы ордун бекемдей баштады

Россиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов Балканда төрт күндүк иш сапарын баштады. Ал бүгүн Босния-Герцеговинанын борбору Сарай-Боснада Россия Түштүк Чыгыш Европада активдүү болууга ынтызар экенин жана Балкандагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоо боюнча эл аралык конференция өткөрүүнү мерчемдеп жатканын билдирди.