БИШКЕК Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитетинде президент А. Акаев каршы пикирин билдирген «Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу» мыйзамдын долбоору каралды. Жыйындын катышуучулары президент киргизген алымча-кошумчаларды эске алуу менен мыйзам долбоорун 6 ай ичинде кайрадан Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда кароону чечишти. Быйыл 2-февралда өткөн референдумда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясына ылайык 2005-жылдан баштап өлкөдө бир палаталуу парламент түзүлөөрү, ал эми азыркы кош палаталуу парламент мөөнөтүнүн соңуна чейин өз ишин улантаары белгиленген. Буга байланыштуу быйыл 29-майда «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү тууралуу» мыйзам кабыл алынган. Ага мамлекет башчысы жакында каршы пикирин билдирип, мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңешке кайтарган.