Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Иран боюнча резолюцияны талкуулайт

Документке бейшембиде агенттиктин 35 мүчөсү добуш берип калышы мүмкүн. Аталган долбоордо Иранды 31-октябрга чейин Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимдин аткарылышы боюнча кеңири отчет берүүгө милдеттендирүү каралган. Резолюцияны Британия, Франция жана Германия сунуш кылышкан.