Бүгүн МАГАТЭнин жыйында Иранга байланыштуу резолюциянын долбоору кабыл алынды

Анда Тегеранга өзүнүн атомдук программасы жөнүндөгү бардык маалыматтарды ачыкка чыгарганга 31-октябрга чейин мөөнөт берилди. Эгер коюлган талап аткарылбаса, Иранга каршы санкциялар жарыяланышы мүмкүн. Иран тышкы иштер министри Камал Харази бүгүн МАГАТЭни мындай чечимден баш тартканга чакырган эле. Атом энергиясы боюнча эл аралык мекеменин инспекторлору Ирандагы ишканалардын биринен байытылган урандын калдыктарын табышкан.