Канкун жыйыны аягына чыкпай калды

Өнүгүп бараткан жана бай мамлекеттердин соода министрлеринин Мексиканын Канкун шаарындагы жыйыны ийгиликсиз аяктады.
Министрлердин айтышынча, АКШ жана Евробримдик жетектеген байдөөлөт мамлекеттер фермердик чарбаларды субсидиялап жөлөп-тайоону токтотуу жөнүндөгү Бразилия, Индия жана Кытай башындагы өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн талабына макул келбегенден кийин, 5 күндөн бери жүрүп жаткан сүйлөшүү токтотулган.

Жарды өлкөлөрдүн Дүйнөлүк Соода Уюму - ДСУ чет элдик инвестицияны башкаруу жана атаандаштык боюнча бирдиктүү эреже киргизсин деген өтүнүчү да четке кагылды.

ДСУнун жетеги астындагы жыйындын натыйжасыз бүтүшүн айрым байкоочулар -эл аралык соода уюмунун 2004-жылдын соңуна Глрбалдык соода жөнүндөгү келишимге жетишүү аракетинин ойрон болушу катары баалашты.

Франциялык фермерлердин эң чоң союзу FNSEA бүгүнкү билдирүүсүндө Канкундагы жыйындын максатына жеткенден көрө жетпегени жакшы болду деп белгилейт.