Казак депутаты абактагы оппозиция лидеринин кечирим сурашы тууралуу телекөрсөтүү бурмаланган деп эсептейт

Үстүбүздөгү аптада Казакстандын коопсуздук кызматы эфирге чыгарган видео-тасмада Демократиялык Тандоо кыймылынын лидери Галымжан Жакиянов президенттен кечирим сурап, өтүнүчү орундалса, саясаттан кетем деп убада берген.
Депутат Толен Тохтасынов бул тасма бурмаланган болушу мүмкүн деп эсептейт.