Швецияда полиция тышкы иштер министрин өлтүргөн деп шектелген кишини суракка алууда

Шектүү киши кечээ баш калаа Стокгольмдун сыртындагы ресторандан кармалды. Полициянын маалымат катчысы Стине Весслинг пресс-конференцияда буларга токтолду:

- Камакка алуу татаал болгон жок. Аны жөнөкөй кийинген офицерлер ишке ашырышты. Кармалган кишини суракка алып кетишти, аны адис-техниктер текшеришет.

Министрдин өлүмүнө байланыштуу дагы беш кишиге издөө салынууда.