Ага Британия, Франция, Германиянын тышкы иштер министрлери, Еврокомиссиянын президенти Романо Проди баштаган чет өлкөлүк жана швециялык ишмерлер катышышты. 10-сентябрь күнү Стокгольмдогу дүкөндө белгисиз адам бычак сайып жарадар кылган Анна Линд эртеси таңга маал операциядан кийин эсине келбей көз жумган. Швециянын премьер-министри Йоран Перссон аза күтүү каадасын ачкан сөзүндө: "Анна Линддин ой-максаттары, көз караштары эч убакта эсибизден чыкпайт, Швеция үчүн бул орду толгус жоготуу болду", - деп белгиледи. Стокгольмдун прокуратурасы Линд айымдын өлүмүнө тиешеси бар деген шек боюнча кармалган жигитти ал күнөөсүн мойнуна албаса да, эркиндикке чыгарбай туруу чечимин кабыл алды.