БИШКЕК. Бүгүн «Манас» аба майданындагы П. Ганси атындагы аскердик авиабазанын жергиликтүү тургундарга гуманитардык жардам берүү комитетинин мүчөлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлдү. Бул иш-чарага вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышты. Аскердик авиабазанын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, авиабаза быйыл 157000 долларга Бишкектеги Мраморное айлындагы мектепти оңдоп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 19 үй тургузуп берген. Мындан тышкары, база жергиликтүү элге ар кандай чакан суммадагы гуманитардык жардам берип келатат. Жакынкы күндөрү ал 126 миң долларга Бишкектеги бир балдар үйүн оңдоону пландаштырууда.