Чехия парламенти өкмөттү кызматтан кетирүү үчүн жетиштүү добуш чогулта алган жок

Чехия парламентинде кечээ күнү өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси каралып, премьер-министр Владимир Шпидланы кызматтан чегиндирүү үчүн оппозицияга үч кана добуш жетпей калды. Аны кызматтан кетирүү үчүн 101 депутаттын добушу керек болчу, бирок оппозиция 98 гана добуш чогултту.