АКШлык аскерлер ал-Фаллужа шаарында болгон куралдуу калабаны иликтей башташты

Кошмо Штаттарынын маалымдашынча, америкалык жоокерлер жума күнү шам ченде Багдаддын батышындагы ал-Фаллуждагы аскерий бекетке токтобой өтүп кеткен автомобилдеги эки ирактыкты атып өлтүрүп, башка төрт адамды жарадар кылышкан.
АКШ армиясынын өкүлү подполковник Жорж Кривонун билдиришинче:

- Автомобилден жол каттамын текшерген бекет аткыланган болчу. Коалициянын жоокерлери ага жооп кылып, ок ачканда эки адам өлдү жана төрт адам жараат алды. Тергөө бизге окуянын чоо-жайын тактап берет.

Ал эми жергиликтүү адамдардын айтышынча, калабада төрт адам, анын ичинде эки аял набыт болушкан.
Кандуу калаба жөнүндө кабар жайылар менен, ошол аймакта АКШлык күчтөргө каршы демонстрация өткөн.