Алтай Республикасында 1800дөй адам үй-жайсыз калды

Россиянын Түштүк Сибирь бөлүгүндө бүгүн эки ирет жер тербетип, 900 чамалуу турак үй кыйрады жана 1800дөй адам үй-жайсыз калды.
Жер титирөөнүн борбору Алтай Республикасынын Кызыл-Агач шаарчасынын 40 чакырым жерге дал келет.
Чукул кырдаалдар министри Сергей Шойгунун маалымдашынча, кубаты 6,2 балдык алгачкы тербетүүдөн кийин жер дагы 150 жолудай солкуладаган.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Амирбек Азам уулу, Прага