ЛЕВ ВАСИЛЬЕВ: «ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫНДА АБАЛ ООР»

3-октябрда Бишкек жылуулук энергетика борборунун директору Лев Васильев маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттерге кышка даярдык тууралуу айтып берди. Лев Васильевдин маалыматына караганда, Бишкек ТЭЦи өз кардарларынан миллиондогон сом аласасын алалбай, ремонт иштерине, жумушчуларынын маянасына жана салыкка акча табалбай, ишканада оор кырдаал түзүлдү. Анын үстүнө, быйыл Бишкек ТЭЦинин ишине зарыл болгон газды сатып алуу жөнүндө Өзбекстан менен келишимге кол коюлган жок.
Лев Васильевдин айтымында, өлкөнүн энергетика тармагында кризис деп айтпаса да, өтө оор дегидей кырдаал түзүлдү. Ага айкын мисал - электр энергиясын иштеп чыгуучу станцияларда быйыл 73 млн. сомдук гана ремонт иштери жүргүзүлүп, план болгону 20% гана аткарылган. Кырдаалдын оорлугун Бишкек ТЭЦиндеги абалдан да билсе болот. Ушул тапта ТЭЦ өз жумушчуларынын маянасына 33 млн. сом, Соцфондго 12 млн. сом, ремонт иштери үчүн 172 млн. сом бересе. Кырдаалдын курчушуна кардарлардан акчанын толук өлчөмдө түшпөй жатканы себеп болууда. Өлкөнүн электр энергетика тармагындагы ишканалардын аласасы быйылкы жылдын 1-августуна карата 2 млрд. 622 млн. сомго барабар болуп, жыл башына караганда 16% өскөн. «Жылуулукту, электр энергиясын пайдаланышканы менен, акчасын төлөбөй жатышат», - дейт Лев Васильев.

- Быйылкы жылдын 7 айында 2000-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда аласанын көлөмү 72% өскөн, - дейт Лев Васильев. - Электр энергиясын бөлүштүрүп-сатуучу компаниялар «Электрстанциялар» акционердик коомуна өз карыздарын барган сайын начар төлөп жатышат. «Электрстанциялар» акционердик коомунун ушул таптагы аласасы - 1 млрд. 622 млн. сом.

Лев Васильевдин айтымында, акчанын тартыштыгынан Бишкек ТЭЦи кышка толук даяр болгон жок:

- Бүгүнкү күндө биздин кампада 255 872 тонна гана көмүр бар. Анын 225 214 тоннасы Карагандыныкы, 4200 тоннасы кыргыз көмүрү.

Кыштан кыйналбай чыгыш үчүн кеминде 500 миң тонна көмүр керек. «Эмне себептен Кыргызстандын көмүрү аз ташылып, аз жагылып жатат?» - деген журналисттердин суроосуна Лев Васильев: «Каракечеден ташылуучу көмүр кымбат болуп жатат», - деген жооп узатты. Анын айтымында, Каракечеде бир тонна көмүр 362 сом турат, бирок ал Бишкек ТЭЦине жеткенде жол киреси менен кошо 1040 сомго чыгып кетип жатат. Себеби, Каракечеден Балыкчыга чейин бир тонна көмүрдү ташып келүүгө автомашинанын кызматына 500 сом чыгымдалат. «Ошондуктан Каракечеден 200 миң тонна көмүр алып келиш үчүн 100 млн. сом нак акча керек, андай каражат бизде жок», - дейт Лев Васильев. Антсе да маалымат жыйынында өкмөт аралык келишимге ылайык ТЭЦ Казакстандын көмүрүн 16-21 доллардан сатып алып жатканы да белгилүү болду.

Өлкөнүн энергетика тармагындагы абалдын оорлошуна быйылкы жылдын жаан-чачындуу болуп, жай айларында коңшулаш Өзбекстан менен Казакстан Токтогул ГЭСинен сууну, демек электр энергиясын аз сатып алганы да терс таасир тийгизген. Кыргызстан өкмөт аралык келишимге ылайык мурда болжолдонгон 2 млрд. к/Втт. саат электр энергиясынын ордуна 1,5 млрд. к/Втт. саат гана электр энергиясын саткан. Ошондон улам Казакстан менен түзүлгөн өкмөт аралык келишимге ылайык 600 миң тоннанын ордуна 168 миң тонна гана көмүр ташылып келди, деп билдирди Лев Васильев:

- Кыштан кыйналбай чыгып кетиш үчүн Бишкек ТЭЦине 500 миң тонна көмүр, 290 млн. куб метр газ керек.

Быйыл Өзбекстан Бишкек ТЭЦине газ берүүнү апрель айында эле токтоткон. Андан бери ТЭЦ «Кыргызгазга» берилген газдын эсебинен иштеп келатат. Анысы аз келгенсип, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда газ боюнча келишимге ушул күнгө чейин кол коюлган жок. Айтор, Бишкек быйылкы кыштан үшүбөй чыгат деп эч ким кепил боло албайт.