АРБИ СААЕВ: «ЧЕЧЕН ЭЛИ СОГУШТАН ЧАРЧАДЫ»

5-октябрда Орусиянын Чечен жумуриятында президенттик шайлоо өтөт. Кыргызстандагы чечендер шайлоо жана улутташтарынын учурдагы абалы тууралуу эмне ойдо?
Сталиндик режим тушунда массалык түрдө Ата-Мекенинен башка жакка көчүрүлгөн. Чечендердин бир бөлүгү Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга качып келишкен. Соңку жылдарда Чеченстанда карапайым кишилердин дайынсыз жоголуп, мыйзамсыз камакка алынып, уруп-сабалган фактылары да көбөйдү дешет укук коргоочулар. Андыктан коогалаңдуу республикада президенттик шайлоону өткөрүү иш-чарасы эл аралык укук коргоо уюмдарынын жана бөтөн жердеги чечен улутунун өкүлдөрүнүн көңүлүн өзүнө буруп турган учур.

- Мен Кыргызстанда 20 жылдан бери жашайм. Мен Кыргызстандын атуулумун, - дейт Кыргызстандагы чечендердин улуттук маданий борборунун төрагасынын орун басары Арби Сааев. - Мен Кыргызстанда 20 жылдан бери жашайм, Кыргызстандын атуулумун. Ошого байланыштуу өз оюмду, көз карашымды эркин айталам. Тилекке каршы, Чеченстанда жашаган менин улутташтарым өздөрүнүн ойлорун мындай эркин айталышпайт. Алардын тандоого укугу жок. Чеченстанда жашаган эл согуштан, башаламандыктан чарчады. Менин элим азыркы абалда «Чечен Республикасындагы согуш токтосун» деген гана тилекте жана кимге болсо да өз добушун берүүгө даяр. Чеченстанда бүгүн эч ким эч нерседен кепилдик алалбайт. Кадыров болобу, Иванов болобу, кимге болбосун эл добушун берет. Азыр Чечен Республикасына президенттикке талапкер болом дегендер ар кандай себептер менен шайлоодон четтетилишти. Кадыровго атаандаш эч ким жок.

«Чеченстанда карапайым калк кордук көрүп, кооптуу жагдай түзүлүп турганда Орусия президенти Чеченстанда шайлоо өткөрүп, кезектеги шоу оюн уюштурууда» деп улантат Арби Сааев:

- Мындай деп айтылган пикирлерде кандайдыр бир чындык бар. Балким, чынында эле, калктын көңүлүн бургулары келип жатат. Бирок, шайлоодон кийин кырдаал өзгөрөт, турмуш жакшырат деп ойлобойм. Эң алды менен Чечен Республикасынын калкын биримдикке чакыруу керек. Элди жараштыруу зарыл. Саясатчылар тарабынан уюштурулуп жаткан чыр-чатактар жакшылыкка алып келбейт. Эл чарчады. Чеченстанда абал жакшырат деген божомолдор айтылса, эл ага ишенсе, Ингушетияда сызда, чатырларда жашаган качкындар Чеченстанга кайтып келишип, өз добуштарын беришет эле. Ингушетиядагы качкындарды өз добуштарын белгилүү бир талапкер үчүн бергиле деп, гуманитардык жардам таратышат эмеспи.

Арби мырзанын айтымында, президенттик шайлоону өткөрүүдөн мурда, элдин жашоо-шартын жакшыртып, аларды тамак-аш, кийим-кече менен камсыздаш керек. Арби Сааев «шайлоонун жыйынтыгы алдын-ала эле аныкталып калган» деген пикирде:

- Чечен Республикасынын ар бир адамына бир нече автоматчан аскер туура келип жатканда, кандай акыйкат шайлоо болушу мүмкүн?

Маалыматтарга караганда, 1944-жылдагы репрессияда 478.500 чеченден 239.670 адам тирүү калган. Он үч жылдан кийинки иликтөөдө белгилүү болгондой, куугунтукталган чечендердин 60% ачкачылыктан жана жугуштуу оорулардан каза болгон.

Чеченстандын администрация башчысы Ахмад Кадыровдун айтымында, карапайым калк арасында зордук-зомбулукка кабылгандар үч миңден ашуун. Айрым эксперттер чечендер менен орустардын ортосундагы чыр-чатакты дүйнөлүк экинчи согуштагы окуялар менен байланыштырат. АКШнын Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, «чечендердин көчүрүлүшү дүйнөлүк экинчи согуш учурунда фашисттер жасаган кылмышка тете иш болуп, чечен улутун жок кылууну көздөгөн саясат катары бааланаары шексиз».

Ушундай окуяларды эске алганда, чечендердин азыркы шайлоосун өз тагдырын өз алдынча чечүү деп бааласа болобу? Кыргызстанда жашап калган Арби Сааевге кеп кезегин берели:

- «Чеченстан» деген сөз кулагыма абдан жагымдуу угулат. Бирок ал жакта туугандарым деле калган жок. Көпчүлүгү Ата-журтун таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Алардын айрымдары Казакстанда, Тажикстанда жашашат. Кээ бирлери Европада. Айрымдарынын кайда экенин билбейм. Алар менен байланышты жоготуп койдук. Айрым туугандарыбыз Кыргызстанга келип турушат. Алар да мен айткан пикирлерди эле айтышат. Кыргызстандагы чечендер Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги менен жакшы кызматташып атабыз. Шмагин мырза бизге жакшы жардам берип турат. Азырынча Чечен Республикасына Кыргызстандан кеткендер аз. Кеткендер кайра келип жатышат.

Арби Cааев «туулган жердин топурагы алтын», Кыргызстанда жакшы жашап жатканыбыз менен, Ата-Журтка эмне жетсин, бир аз эле абал оңолсо Грозныйга бет алат элем, ал жакты бир көргүм келип, дегдеп турам» дейт:

- Албетте, Чечен Республикасындагы абал жакшыргандан кийин Ата-Мекенибизге кетебиз деп максат кылабыз. Мен Грозныйда төрөлгөнүм менен, Кыргызстанда билим алдым, инсан катары ушул жерде калыптандым, бирок, Ата-мекениме кетким келээр эле.