Кытайдын бийликтери алгачкы космонавтын космоско учурганы жатканын ырасташты

Ошону менен Кытай мурдагы Советтер Союзу жана Америкадан кийин космонавтын ааламга сапарга атантткан үчүнчү мамлекет болуп калмакчы. "Синьхуа" маалымат агенттиги кабарлагандай, "Женшу-5" космостук кемеси жерди 14 ирет тегерете айланып чыккан соң, кайра алдын-ала белгиленген аймакка кайтып келээри күтүлүүдө.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага