Кабулдун чет жакасында ок атышуу болду

Кабулдун чет жагында ок атышуу болуп, америкалык 1 аскер жарадар болду. Аскерий жетекчиликтин маалыматында, кол салган үчөөнүн бирөөсү колго түшкөн.
Ооганстанда акыркы мезгилдерде антитеррористик коалициядагы жоокерлерге талибан менен “аль-Каиданын” согушчандарынын күтүүсүз кол салуусу көбөйгөн.
Пакистанда жайгашкан Ооган ислам маалымат агентигинин акыркы маалыматтарына караганда жума күнү Кандагардын абагынан качып кеткен 40 талиб алиге кармала элек.