Ирандын президенти Мухаммед Хатами Ширин Эбади айымды сыйлыгы менен куттуктады

Ирандын президенти Мухаммед Хатами мекендеши Ширин Эбади айымды эл аралык Нобел тынчтык сыйлыгы менен куттуктады.
Хатами Нобел комитети жарыя кылгандан 4 күндөн кийин сыйлык ээсин куттуктап, Нобел сыйлыгы анчейин маанилүү эмес, биринчи кезекте өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын бийик тутуу керектигин айтты.
Бүгүн кечинде Эбади айым Иранга кайтат. Ал буга чейин Парижде жашаган.