Азербайжанда бүгүн президенттик шайлоо башталууда

Азыркы президент, 80 жаштагы Гейдар Алиев Кошмо Штаттарында ооруканада кала берүүдө. Ал өткөн айда шайлоого катышай тургандыгын жарыялаган. Шайлоого Алиевдин уулу, 41 жаштагы премьер-министр Илхам Алиев, оппозициянын көрүнүктүү өкүлдөрү Иса Гамбар жана Этибар Маммедов жана башкалар катышууда. ЭККУ уюму шайлоо өнөктүгү бир катар эреже бузуулар менен өткөндүгүн билдирди.