Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев Ислам Конференциясы Уюмунун жыйынына катышканы Малайзияга жөнөп кетти

БИШКЕК. Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев баштаган делегация бүгүн Малайзияга үч күндүк иш сапары менен жөнөп кетти. Палатанын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Алтай Бөрүбаев Малайзияда өтүп жаткан Ислам Конференциясы Уюмунун жыйынына катышып, сөз сүйлөйт. Андан соң ал Малайзиянын премьер-министри Махаткир Мохамад жана бул өлкөнүн парламентинин палата башчысы менен жолугушат. Жолугушууларда эки тараптуу кызматташтык маселеси талкууланат. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ислам Конференциясы Уюмунун саммити 11-октябрда башталган. Ага азыр Кыргызстандан тышкы соода жана өнөр жай министри Садридин Жээнбеков жана тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаев катышууда. Саммит 18-октябрда аяктайт.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов