Грекия Сербия, Черногориенин Евросоюзга кошулуу нийетин колдойт

Бул тууралуу билдирген Грекиянын президенти Костис Стефанопулос эки жумуриятты европалык стандарттарды жана асыл-нарктарды кабыл алууга үндөдү. Стефанопулос Сербия менен Черногориенин парламентинде чыгып сүйлөп, "эркиндик, демократия, мыйзам алдындагы теңдик, коопсуздук жана кызматташттык" жоболорун сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө кабыл алуу зарыл" деди.