Европа банкынын төрагасы болуп Жан-Клод Трише бекитилди

Брюсселде өтүп жаткан Европа Биримдигинин саммитинде кечээ күнү Европалык банктын жаңы төрагасы болуп Жан-Клод Трише бекитилди. Ал мурда Франциянын Борбордук банкын жетектеген жана эми 1-ноябрдан тартып Вим Дуйсенбергди алмаштырат.