Ахмад Кадыров Чеченстандын президентинин кызматына расмий түрдө киришти

Ахмад Кадыровдун ант берүү аземи башкалаа Грозныйда эмес, Гудермес райондук администрациясынын кеңсесинде болду. Салтанат өтө турган жер коопсуздук жүйөөсүнөн улам акыркы сааттарга чейин жашыруун сакталып турду. Ант берүү аземи учурунда Ахмад Кадыров адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоого, Чеченстандын көп улуттуу элинин укуктарын коргоого, Чеченстандын Конститутциясын жана мыйзамдарын сактап, аткарууга убада берди. Расмий Москва президенттин шайланышын Чеченстандагы саясий жөнгө салуу жараянын бир бөлүгү катары карайт. Бирок адам укугун коргоочу жана эл аралык уюмдар шайлоонун легитимдүүлүгүнөн шек санашууда. Алар шайлоо адилет өтпөдү деп эсептешет.