Кытайда пара алган мамлекеттик кызматкер өлүм жазасына тартылды

Сычуан провинциясынын Лешан шаарынын акиминин мурдагы орун басары Ли Юшунун 1 миллион доллардан ашык пара алгандыгы сотто аныкталган. Расмий Синхуа агенттиги бүгүн билдиргендей, өлүм жазасы өткөн аптада ишке ашырылган.
Кытайда өткөн жылы кеминде 1060 киши өлүм жазасына тартылган.