Румынияда тууганчыл министр отставкага кетти

Өкмөт башчысы билдиргендей, Европалык интеграция министри Хилдегард Пувак Евробиримдикке кошулуу максатындагы сүйлөшүүлөргө келтирилген кыйынчылыктарды ырбатпоо үчүн кызматынан кетти. Пувак Евробиримдиктен бөлүнгөн каражаттарды жакын урук-туугандарына тартып бөлүштүргөн деп айыпталып жатат.
Бүгүн ошондой эле чет элдик саламаттык китепчелерин өз аты менен чыгарган саламаттык министри жана кызматкерлери пара алган портфели жок министр Сербан Михайлеску отставкага кетишти.