Жаңылыктар Италиянын жээгинде кайыктан 11 кишинин сөөгү табылды 20-Октябрь, 2003 Лампедуса аралынын чек арачылары сууда калкып жүргөн кайыкты кечээ таап алышты. Узундугу 10 метр келген кайыктан 14 киши тирүү табылды, бирок алардын саламаттыгы анчейин экендиги кабарланууда.