БУУнун баңгизаттарга байланыштуу кылмыштар боюнча чөлкөмдөгү өкүлү Жеймс Галлахан Ооганстандан баш алган баңгизаттардын андан ары Батышта жайылтылып жатканына басым жасады. Анын маалыматына караганда, былтыр Тажикстан өз аймагында кармалган баңгизаттардын көлөмү боюнча дүйнөдө 4-орунду ээлеген.