АКШнын улуттук демократиялык институтунун Таластагы маалымат борборунда Жерүй алтын кенин иштетүүнүн экологиялык жагдайлары талкууланды

ТАЛАС. «Жерүй алтын кенин иштетүүдө экологиялык коопсуздук чаралары боюнча коомчулуктун эч кандай кабары жок», деген жыйынтыкка келишти АКШнын улуттук демократиялык институтунун Таластагы маалымат борборунун демилгеси менен өткөн «тегерек стол» талкуусунун катышуучулары. Ага өрөөндөгү өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, дарыгерлер, эмгек ардагерлери, басма сөз кызматкерлери катышты. 1-сентябрдан баштап кенди иштетүүгө даярдыктар көрүлө баштаганы белгилүү. Келерки жылдын апрелинен баштап алтын ылгоочу фабриканын курулушу башталмакчы. Ошол мезгилге чейин калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, элдин экологиялык сабаттуулугун көтөрүүчү жыйын, семинарларды өткөрүү, коомдук угууларды уюштуруу милдеттери зарыл деп табылды. Кокус, Барскоондогудай кырсык кайталанса, кен жайгашкан Чычкан өзөнүнүн суусу, Талас дарыясы, аны менен бүтүндөй өрөөн, Киров суу сактагычы жана коңшулаш Казакстандын Жамбыл облусу да залал тартаары айтылды.