Эл аралык коомчулук буга 22 миллион доллар каражат бөлөт. Донор өлкөлөрдүн конференциясы кечээ Гаагада ушундай чечимге келди. Алардын ичинде Кошмо Штаттары жаңы трибунал үчүн эң көп каражат – он бир миллион доллар ажыратмакчы. Босния трибуналы ООНдун Гаагадагы трибуналы карап жаткан иштердин жүгүн бир кыйла жеңилдетмекчи.