АКШ эл аралык террорчу Абу Мусаба тууралуу маалыматка сыйлык берет

АКШ эл аралык террорчу Абу Мусаба Заркауни кармоого жана ал тууралуу так маалымат бергенге 5 миллион америка долларын сыйлыкка койду. Абу Мусабага бир жыл мурда Иорданиядагы америкалык дипломат Лоуренса Фоулини өлтүргөн, “ал-Каида” менен байланышта жана бир катар террордук акцияларды уюштурган деген айып тагылууда.
Заркауни жайгашкан жери белгисиз болгону менен айрым топторду жетектеп, Иракта кол салууларды уюштурууда дейт АКШнын бийлиги.