Ооганстанда түрк инженери уурдалды

Түркиялык инженерди жана айдоочусун бейшемби күнү Кабулдан Кандагарга барчу жолдо, Забул провинциясында уурдап кетишкен. Түркиялык биргелешкен ишкананын өкүлдөрү билдиргендей, инженердин чөнтөк телефонуна чалышканда, өзүн "ал-Каиданын мүчөсүмүн" деп тааныштырган киши жооп берген. Ал камакта жаткан алты айыпкер бошотулбаса, инженерди айдоочусу менен кошо атып салаарын эскерткен.
Инженер Кошмо Штаттары каржылаган жол курулушунда иштечү.