Бишкекте Борбор Азиядагы суу-энергетика ресурстарын пайдалануунун стратегиясы талкууланууда

БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Борбор Азиянын суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча эл аралык кызматташтык маселелерине арналган эл аралык конференция башталды. Анда региондогу суу-энергетика ресурстарын биргелешип пайдалануу жаатында кызматташуунун стратегиясынын бет ачаары болду. Стратегия БУУнун Борбор Азиянын экономикасына арналган атайын программасынын алкагында, бардык тараптардын адистеринин жана эл аралык эксперттердин иликтөөсүнүн негизинде даярдалган.