Чыгыш Европадагы эркин соода аймагы тууралуу келишим аягына чыкты

Эркин соода аймагын түзгөн сегиз Чыгыш Европа мамлектинин өкүлдөрү кечээ күнү Словенияда акыркы жыйынга чогулду. Уюмду 1993-жылы Чехия, Словакия, Мажарстан жана Польша түзгөн, ага кийин Словения, Румыния, Болгария жана Хорватия кошулган, бирок эмдиги жылы алардын бешөө Европа Биримдигине мүчө болуп кирет.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Нарын АЙЫП, Прага