АКШ өзүнүн Сауд Арабиядагы элчилигин убактылуу жапты

Сауд Арабиядагы америкалык элчилик менен консулдуктар бүгүндөн тартып убактылуу жабылат. АКШнын чалгындоо кызматтарынын маалыматына караганда, террорчулар америкалыктарга каршы аракет даярдап жатат. Эр-Рияд шарындагы элчилик жана Жидда менен Дхаран шаарларындагы консулдуктар жабылып, алардагы коргоо чаралары күчөтүлөт. Миссиялар канча убакыт жабык тураары белгисиз.